Дүйнө

Чеченстанда эркектер чачын алдыра баштады (видео)

Чеченстандын чиновниктери менен тургундары республиканын башчысы Рамзан Кадыровдун эстафетасын колдоп, чачтарын жылтырата алдыра башташты, деп билдирди РИА Новости 22-апрелде.

Чач тарачтарды ачып бергиле деген өтүнүчкө оригиналдуу жооп кылып, Рамзан Кадыров тескерисинче чачын жылтырата алдырып туруп, бүт Чеченстандын эркектерине  чакырык ташташгандан кийин, республиканын эркек-танасы башчынын үлгүсүн дароо илип алышып, жапырт баштарын кырдырып киришти.

«Рамзан Ахматович эч качан жаман нерсени сунуштабайт»,- деди парламенттин спикери Магомед Даудов.

Эскерте кетсек, Кытайдын Уханындагы эпидемиянын учурунда инфекцияны жугузуп албас үчүн медкызматкерлер, аял-эркегине карабай чачын кырдырышканы туурасында маалыматтар чыккан.

https://youtu.be/uKD-QokUc90

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button