Коом

Коронавирус. Кыргызстанда жайылышынын туу чокусуна жетип калды

Коронавирустун жайылышы Кыргызстанда туу чокусуна жетип калганын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Бул тууралуу ал 23-апрелде брифингде айтты.

«Бүгүн 48 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Кайра 19 кишиден коронавирус табылды. Сакайып чыккандар менен ооруну жугузгандардын ортосундагы айырмачылыктан улам адис катары коронавирустун бийик чегине жетип калдык деп ойлойм», — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандар 23-апрелге карата 631 адамга жетти. 302 киши оорудан сакайды. Илдеттен сегиз адам көз жумду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп божомолдоп жаткан эле.

Туу чокусунан өткөндөн кийин оору басаңдашы байкалаары айтылган.

Abal.kg 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button