Илбирс балдарына жол эрежесин үйрөттү (видео)

Түштүк Африка Республикасынын Крюгер улуттук паркында бир эсе адамды таң калтырчу, бир эсе жүрөктү жылытчу бир окуяны, ал жерде сейилдеп жүрүшкөн энеси менен кызы видеого тартып алышкан.
Адегенде эне илбирс (леопард) эки жагып жакшылап карап, автожолду кесип өтүп, андан соң коопсуз экенине көзү жеткенден кийин, кайрылып келип балдарын ээрчитип каражолдон өтө баштайт. Монтоңдогон балдарынын бирөө кайда басаарын билбей кайсалактап, чарылдап кайра артына тартат. Ошондо илбирс кайрылып келип, баласынын желкесинен тиштеп барчу жагына баштантып коюп коет да, өзү жай басып, тигилерди артынан ээрчитип жолду кесип өтөт.
Бул окуя тууралуу, аны өз көзү менен көрүп таң калып, а кызы видеого түшүрүп интернетке таратып ийген 64 жаштагы Тинус Дельпорт айтып берген.
Бул айым кызы экөө эртең менен эртелеп атайын илбирстерди издеп чыгышкан. Бир чети алар илбирстер Крюгерде жок деген терең ишенимде экен. Анткени аларды эч ким эч качан көрбөптүр. “50 жылдан бери ушул паркка келебиз, бирок мындай окуяны эч качан көргөн эмеспиз”, — дейт Дельпорт, толкундана.
Баарынан да, айым менен кызын жолдон балдарын өткөррүп жаткандагы илбирстин сабырдуулугу аябай таң калтырган.
Abal.kg



