Окуялар

Бишкекте эки жаштагы наристе 8-кабаттан кулап, мерт болду

Бишкекте эки жаштагы кыз сегизинчи кабаттан кулап кетип, ошол жерден мерт болду. Бул тууралуу комендатуранын маалымат кызматынан билдиришти.

23-апрель күнү саат 18:30дар чамасында Биринчи Май райондук милициясына көп кабаттуу үйдөн наристе кулап кеткендиги тууралуу кабар түшкөн.

«Жерине дароо ыкчам иликтөө тобу барган. Алдын ала маалыматтарга карганда, 2018-жылы туулган кыз белгисиз себептерден улам 8-кабаттан кулап кеткен. Тез жардам кызматы наристенин өлүмүн каттоого алды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button