Дүйнө

Узакка отурушту.Коронавирус басаңдаган өлкөлөрдө чектөөлөр жеңилдетиле баштады

Коронавирустан улам дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө карантин режими киргизилгин.  Бирок, айрым өлкөлөрдө бул вирус басаңдап баратканына байланыштуу чектөөлөрүн жеңилдетип жаткандыгын РИА новости жазып чыкты.

Мисалы, өткөн жума күндөн тартып Чехия өкмөтү жарандарга чет мамлекеттерге барууга, анын ичинде эмгек өргүүнү өткөргөнгө, ошондой эле үйдөн тыш эркин жүрүүгө уруксат берди. Бирок  чогуу жүргөн кишилердин саныт 10 дон ашпашы шарт. Бүгүн, 27-апрелде, соода аянты 2,5 миң чарчы метрге чейинки дүкөндөр жана тейлөө компаниялары, фитнес-борборлор, китепканалар жана зоопарктар ачылып, чиркөөлөрдүн иши калыбына келтирилиши мүмкүн.

Хорватияда дүкөндөр ачылып, анан май-июнь айларында шаар аралык жана эл аралык каттамдар ишке киргизилери айтылат. Ошондой эле билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин, спорт жана маданий борборлордун иши жанданат.

27-апрелден тарта Швейцарияда жалпы жардам боюнча медициналык кабинеттер, стоматологиялык жайлар, сулуулук салондору, укалоочу жерлер, унаа жуучу жайлар жана тиричилик буюмдары сатылган дүкөндөр ачылат.

Грецияда 27-апрелден баштап айрым мамлекеттик кызматтар иштей баштайт. Ипотекалык кеңселер, дүйнөлүк соттор жана биринчи инстанциядагы соттор кызмат көрсөтөт.

Грузиянын өкмөтү да бүгүнтөн тартып автоунаалар жана таксилердин кыймылына толугу менен уруксат берүүнү карап атышат. Мындан тышкары, онлайн соодага (дүң жана чекене), азык-түлүктү жеткирүү кызматтарына жана ачык айыл чарба базарларынын ачылышына уруксат берилүүсү каралууда.

Бүгүндөн тарта Испанияда 14 жашка чейинки балдар ээн-эркин сейилдөөгө чыга ала турган болду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button