Москвалык врачтар коронавирусту 92 градус ысык гелий менен дарылоону сунушташууда

Россиянын окумуштуулары коронавирус инфекциясын гелийди колдонуу менен дарылоо методикасын сунушташууда. Бул методдун сыноосу Москвадагы Н. В. Склифосовский атындагы тез жардам илимий изилдөө институнун базасында өтүп жатат.
Бул тууралуу Москванын саламаттык сактоо департаментинин пресс-кызматы билдирди, деп маалымдады өткөн жуманын этегинде РИА Новости агенттиги.
«Терапия үчүн гелийдин жардамы менен иштөөчү атамекендик аппарат азыркы учурда Н. В. Склифосовский атындагы тез жардам илимий изилдөө институнда тесттик режимде сыноодон өтүп жатат. Иштелип чыккан бул иш 10 мамлекеттин өтө чоң кызыгуусун туудуруда: АКШ, Франция жана башка Европа өлкөлөрүнүн», — деп билдирди департаменттин пресс-кызматы.
Департамент курч абалда өткөн өпкө оорууларын гелийди пайдалануу менен дарылоонун эффективдүүлүгү, бул газдын өзгөчө түзүшүшүнө байланышкан деп түшүндүрдү. Адистердин пикири боюнча гелий кислород жетишсиздигин токтото алат. Мындай ыкма коронавирустан улаарып кетүүчү ооруларды профилактикалоого жардам берет.
«Технология эксперименталдуу. Терапия атайын аппараттын жардамы менен ишке ашат. Иштөө принциби төмөнкүчө: бейтап 15 минут 92 градуска чейин ысытылган гелийдин оксиди менен дем алат. Ушундан улам өпкөгө кан жүгүрүү көбөйүп, ага жараша альвеолярлык мембрана аркылуу өткөн кислороддун диффузиясы оңолуп, дем алуучу каналдардын каршылыгы азаят, жылмакай булчуң бошошот. Ушундай температурада вирустун активдүүлүгү азайышы мүмкүн, а бейтап мындай ысык температурадан дискомфорт болбойт: бул процедураны саунага барган менен салыштырса болот», — деп түшүндүрүштү департаментте.
Андан сырткаары, гелий организмдин ар кандай ткандарын кан менен жабдууну жана микроциркуляциясын жакшыртат. Микроциркуляциянын бузулушу коронавирстан каза болуунун негизги себептеринин бири болуп саналат.
Abal.kg