Кытайлык дарыгерлер Кыргызстанда карантин режимин катуу сактоо керектигин эскертти

Кыргызстан коронавируска байланыштуу жарыялаган чектөөлөрүн бекем сакташы керек. Мындай кеңешин Кытайдан келген адистер беришкен.
Алардын айтымында, дезинфекциялоо иштерине туура деген баа берилди, ал эми карантиндик чектөөлөргө көңүл буруу керектиги айтылды:
«Карантин шартын катуураак кармаш керек экенин айтышты. Өз тажрыйбасына токтолуп, карантин дегенде толук шартта кармаганын билдиришти. Чектөөлөрдү так кармаш керектигин айтышты».
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте улантуу зарыл деп айткан эле.
Бирок Кыргызстандагы чектөөлөргө карабастан базарларда, көчөдө адамдар да, машина да көбөйгөнүн социалдык түйүндөрдө жазып, талкуулап жатышат.
Коронавируска каршы иш-чараларга жардам берүү үчүн Кыргызстанга Кытайдан жана Польшадан адистер келип кетти.
Кыргызстандагы медициналык абалды жана карантиндин режимине баа беришкен.
Abal.kg



