Пайдалуу кеңештер
Кол телефонду туура пайдаланбаса канчалык коркунучтуу экенин эксперимент көрсөттү (видео)

Окумуштуулар какшап эле атышат: уюлдук телефонду туура пайдаланбасаңар ден соолукка зыян деп. Бирок, ага көңүл бөлгөн эч ким жок. Телефон күнү-түнү зарядда, күнү-түнү жаздыктын алдында, күнү-түнү чөнтөктө. Илимпоздордун сөзүн тоошум эткен жан жок. Анткени, аны туура эмес пайдалансаң кандай кооптуу экени, андан кандай коркунучтуу радиация чыгаары жөнөкөй көзгө көрүнбөйт да. А бирок аны эң жөнөкөй эле прибор менен текшерип, үйдө эле эксперимент кылганда, кандай экенин көрүп жүрөк түшүп, тим эле төбө чач тик турат.
Abal.kg