Жерге “мыйыгынан күлгөн баш” жакындап келатат

Астероид 2015 TB145 жерге өтө тез ылдамдыкта жакындып келе жатат, деп билдирген Space.com маалымат порталы бир учурларда. NASAнын адистеринин пикири боюнча, бул астероид өлгөн (өчкөн) комета болуп эсептелет. Бул асман телосунун формасы күлүп туган сымал адамдын баш сөөгүн элестеткендиктен, ал “мыйыгынан күлгөн баш”(ухымляющиеся череп), же “өлүм кометасы” (“комета смерти”) деген атка конгон. Астероид 2015 TB145 окумуштуулардын баамына 2015-жылы урунган. Анда асман телосу Жердин жанынан жарым миллион чакырымча алыстыкта учуп өткөн. Ошондо астрофизиктер бир нече фотография тартып алганга үлгүрүшкөн. Окумуштуулар белгилегендей, анча чоң эмес бул астероид (туурасынан 625 метр) Жерге анча коркунуч келтире албайт. Салыштырып көрө турган болсок, динозаврлардын жок болушуна алып келген деген астероиддин туурасы 10 чакырым болгон. Кийинки жолу астероид 2015 TB145 Жерге 2082-жылдан эрте эмес жакын келет.
Abal.kg


