Дүйнө

Пресса: Ким Чен Ын өлдү деген каңшаар Түндүк Кореянын элин дүрбөлөңгө түшүрдү

Борбор шаардын үстүнөн вертолеттор жапыз уча баштады,  деп жазып жатат Утро.ру 27апрелде.

Корея элдик-демокартиялык республикасынын эли, лидери  Ким Чен Ын өлдү деген каңшаардан кийин катуу кайгырып жатышат. Жарандар жашоого эң керектүү нерселердин баарын койбой сатып ала башташты: кир жуугуч порошоктор, күрүч, электроника, ликерлор, момпосуйлар жана сигареттер.  Бул туурасында маалымдоочуларына таянып (алардын ичинде өлкө башчысынын таржамалчысы да бар) The Washington Post басылмасы билдирди.

Материалда айтылгандай, өлкө Кытай менен темир жол байланышын токтотту, а Пхеньяндын үстүнөн вертолеттор өтө жапыз уча башташты.

Журналисттердин маалыматтарына караганда 25 –апрелдин кечинде Кытайдын Weibo соцжелесинде Гонконгдун HKSTV телевидениесинде вице-директорунун билдирүүсү тараган. Ал өтө олуттуу маалымдагычка таянып, Ким Чен Ын өлгөн имиш деп айткан. Бул тууралуу International Buisness Times басылмасы билдирген.

Ошол эле учурда япондордун Shukan Gendai  басылмасы Түндүк Кореянын лидери эсине келе албаган абалда жатат деп маалымдады.

Бирок, Түндүк Кореянын ММКасы өткөн жекшемби күнү Самчжиен шаарындагы ири курулушка катышышкандарга  Ким Чен Ын ыраазычылык билдиргенин жазып чыгышты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button