Пандемия: Германиянын медицинасы мыкты, а Греция менен Вьетнам дүйнөнү таң калтырууда
Дүйнөдө коронавирустан жабыркагандар 3 миллиондон ашты, 200 миңден ашыгы көз жумду. Бул туурасында 27-апрелде Новости Mail.ru маалымдады.
Сан жагынан баарынан көп жабыркаганда АКШда (973 миң киши), андан соң Испанияда (229 миң киши) жана Италияда (119 миңден көп киши). Төртүнчү сапка Франция чыкты (161миңден ашык киши). Алдыңкы беш өлкөнүн аягында Германия (157 миңден ашык киши). Бирок, Германияда көз жумгандардын саны башкаларга салыштырмалуу өтө төмөн — 1%. Батыштын башка мамлекеттерде бул көрсөткүч 8-10%ти түзөт.
Жабыркагандардын саны боюнча 9-орунга Россия чыкты (90 миңге чукул киши). Көз жумгандарынын саны боюнча Россияда көрсөткүч 1%тен да төмөн.
Германияга салыштырмалуу медицинасы өнүкпөгөн, экономикалык рецессиядан жаңы эле чыккан Греция, жуктургандардын жана көз жумгандардын саны боюнча Батыш өлкөлөрүнүн ичинде таң калаарлык натыйжаны көрсөттү — 2 534 киши бейтапган, көз жумганы – 136 адам (0,5%тен да төмөн). Грециянын тажырыбайсы бир чындыкты айкын көрсөттү – карантинди убагында киргизүү жана анын шарттарын кыйшаюсуз аткаруу.
Бул жагынан алганда 100 миллиондон ашык эли бар, эпидемияны дүйнөгө тараткан Кытай менен чекарасы 1100 чакырымга барабар, медицинасы башкаларга салыштырмалуу анча өнүкпөгөн Вьетнамдын тажырыйбасы андан бетер таң калтырат. Ушул кезге чейин коммунисттик партия башкарган бул өлкөдө коронавирус жуктургандар 300 кишиги да жетпейт, көз жумгандар жок, айыккандар 220дан ашык. Вьетнамдыктардын карантинди, жеке гигенаны, жеке тартипти сактоо тажырыйбасы үлгү болоорлук көрүнүш.



