Дүйнө

Жерди көздөй учуп келаткан астероид коркунучтуу, дешти окумуштуулар

Жерди көздөй учуп келаткан астероид коронавирустан да өтө  коркунучтуу, дешти, «Центр планетарной защиты» мекемесинин адистери. Бул туурасында 28-апрелде «Вечерняя Москва» маалымдады.

Окумуштуулардын сөзүнө караганда 29-апрелде Жердин жанынан 6,3 миллион чакырым аралыкта өтө турган, «1998 OR2» деген ат менен белгилүү болгон, космикалык объект коркунучтуу.  

— Эгерде мындай астероид Жерге түшсө, азыркы коронавируска  байланышкан проблемалар анын жанында шоона эшпей калат. Бул адамзатты көз ачып жумгуча жок кыла турган турган, жападан жалгыз табигый коркунуч, — деп айтты «Центр планетарной защиты» мекемесинин директору Анатолий Зайцев.

Мындай космикалык тело Жерге түшсө цунамилерди пайда кылып, ядердик кыш эфекттин бериши мүмкүн, деп белгиледи окумуштуу.

Бирок, азыркы учурда бул астероид биздин планетага олуттуу коркунуч жара  албайт. Бирок, анын кайрылып Жерге жакындоосу 2070-80-жылдарда күтүлүүдө. Ошондо ал бүтүндөй дүйнө жүзү  үчүн өтө чоң проблема жаратышы ыктымал, деген  Зайцев «НСН» маалымат агенттигине берген интервьюсунда.

Abal.kg 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button