Саясат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оштогу жетекчилигине Асан Сулайманов дайындалды

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругу менен Ош облустук башкармалыгынын башчысы болуп Асан Сулайманов дайындалды. Аны 28-апрелде эмгек жамаатына министр өзү тааныштырды.

Асан Сулайманов буга чейин аталган башкармалыктын башчысынын орун басары болуп иштеп келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген тажрыйбасы — 17 жыл. Үй-бүлөлүү, 45 жашта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, министрликтин Ош облусундагы башкармалыгынын мурдагы башчысы Алмаз Эргешов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button