Без рубрики

Гумжардамдан баш тарткандар да бар. Айрымдар жардамды аракка да алмашып атышат

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев берилип жаткан гуманитардык жардамдар боюнча маалымат берди.

Балбак Түлөбаевдин айтымында, кээ бир адамдар берилген жардамды артка кайтарып, чыныгы муктаждарга берүүнү сунуштаган.

“Эл ичинде кубанткан да, кейиткен да иштер болуп жатат. Сүйүнткөнү — өкмөт менен мэрия берген 6000 кап ундан 400гө жакыны кайра артка кайтарылды. Себеби биз мыйзам боюнча ундарды социалдык катттоодо тургандарга бергенбиз. Анын ичинде Афган, Чернобль согушунун ардагерлери, Апрель баатырлары, майыптар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар. Бирок айрым жашоо-шарты жакшылар “рахмат, андан көрө муктаждарга бергиле” деп кайтарып жатат”, — деди Түлөбаев.

Ошол эле учурда берилген азык-түлүктөрдү дүкөнгө барып аракка алмаштырып алгандар дагы болуп жатканын белгиледи.

“Бирөө тынбай өкмөткө чейин чалып жатты. Атайын өзүм анан үйүнө барсам мас жатат, үч-төрт жолу келген жардамды алыптыр, бирок “жалгызмын, неберелерим менен ачка калдым” деп бүт жакка арыздана берет экен. Берилген гумжардамды дүкөнгө алып барып өткөрүп, арак алыптыр. Аны интернет дүкөнгө да коюптур. Особняк үйлөргө да жардам киргизилип жатат, ичине кирсең квартианттары бар кыйналбаган эле үй-бүлө. Анан “келер бекен деп жөн эле текшерип чалгам” дегендер да бар”, — деди мэриянын аппарат жетекчиси.

Мындан сырткары, Түлөбаев эл аралык уюмдар жана ишкерлер калкка көмөк көрсөтүүдө мэриядан муктаждардын тизмесин гана алып, жардамды өзүлөрү таратарын белгиледи.

Эскерте кетсек, гуманитардык жардам берген уюмдар, жергиликтүү ишкерлер да колунда бар туруп, жөн эле тамашалап же сынап жардам сурап койгонбуз дегендер бар экенине,  ошол жардам сураган адамга барыш үчүн бир нече блок-посттон өтүп жеткенин, андан көрө чындап колунда жок адамдарга барсак убакытты да үнөмдөйт элек деген нааразычылык айткандары бар.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button