Коом

Комендант Уланбек Аалиев: Биздин аткарып жаткан иштер, элдин саламаттыгы үчүн

Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев бүгүн түз эфирде Нарын облусунда жана анын ичинде өзгөчө абал киргизилген Нарын шаары жана Ат-Башы районунда сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандарга токтолду.

Ошондой эле облуста жалпысынан коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө.

2020-жылдын 28-апрелге карата 7 кылмыш катталды. Алардын арасында өзгөчө оор кылмыш катталган жок.

Ал эми коменданттык саатты 7 жаран бузду. Ат-Башыда-5, Нарын шаарында -2 жаран кармалган.

Жалпысынан облуста кылмыштуулук азайды.

Ошондой эле брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасап – “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип мыйзам жана эпидемиологиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакырам. Биздин аткарып жаткан иштердин баары сиздердин ден соолугуңар жана саламаттыгыңар үчүн. Андыктан эрежени сактап, үйдө болуп илдетти бирге жеңели”, — деди Аалиев.

Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button