COVID-19 КМШда:Белоруссия Россиядан кийинки орунда (салыштырмалуу тизме)

Белоруссия коронавирус инфекциясын жугузгандардын ичинен КМШда Россиядан кийинки биринчи орунду ээледи. Бул туурасында, дүйшөмбү, 27 — апрелде, КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрликтеринен алынган малыматтарга таянып «РИА Новости» билдирди.
Бул маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, акыркы тактоолого караганда Белоруссияда 11 289 коронавирус инфекциясын жуктурган учур катталган (эли 10 миллиондон ашык). Ушул эле көрсөткүч Украинада – 9009га (эли 45 миллиондой), Молдовада – 3408ге (калкы 4 миллиондун тегерегинде) жана Казакстанда – 2780ге (эли 18 миллиондон ашык) барабар. Мындан тышкаары Өзбекстанда (калкы 33 миллиондун тегерегинде), Азербайжанда (эли 10 миллиондон ашык), Арменияда (калкы 3 миллиондун тегерегинде), Литвада (эли 3 миллионго чукул) жана Эстонияда (калкы 1,5 миллиондон аз ) – бир-эки миңдин тегерегиндеги вирус жуктургандар бар. Грузия (эли 4 миллионго жете элек) менен Кыргызстанда (калкы 6 миллиондон ашык) – миңге жетпейт. COVID-19 таптакыр жоктор –Тажикистан, Түркмөстан жана Түштүк Осетия.
Мурда айтылып келе жаткандай, инфекциянын таралышы боюнча Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко өлкөсүнө өзгөчө кырдаал режимин киргизген эмес жана катаал каратиндик чараларды кабыл албаган. Бирок баштатан эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) Белоруссияга карантин жана коменданттык саат киргизүүнү сунуштаган. Баса, Белоруссияда 20-апрелде жугузгандардын саны 6264, ал эми 25-апрелде 8773тү түзгөн. Башкача айтканда бир жуманын ичинде (27-апрелге карта) бейтаптарга дагы 5 миң жаңы жабырлангандар кошулган. Бүгүнкү учурда Белоруссия “италиялык сценарийге” түшүп кетеби, дешип Европа менен Россия катуу тынчсызданууда.
Эскерте кетсек, Грузия, Литва, Эстония, Түштүк Осетия КМШга кирбейт.
Abal.kg



