Коом

Чолпон Жакупова өзгөчө абалда да жалган маалыматтарды көбүртүп-жабырткысы келеби?

Дүйнөнүн 180ден ашуун мамлекетинде коркунучтуу жагдай түзүп турган коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда да кооптуу болуп турат.

Өлкөбүздө адегенде өзгөчө кырдаал, андан кийин айрым аймактарда өзгөчө абал киргизилди. Кыргыз бийлиги, өкмөт калктын саламаттыгы үчүн күн-түн дебей иш үстүндө болууда. Ансыз да экономикасы жакшы эмес өлкөбүздүн экономикалык абалына оорчулук келип жатканына карабай, өкмөт коронавируска каршы күрөшкө жетишээрлик каражаттарды бөлүп жатат. Колунда бар ишкерлер, саясатчылар жана карапайым жарандар да атайын ачылган эсепке акча которууда. Андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун, май тараткандар да арбын.

Башкача айтканда, бүгүнкү жагдай элибиздин ынтымагын, биримдигин дагы да чыңдады. Баарыбыз бири-бирибизге кайрымдуу болуу менен, биримдик менен бул илдетти жеңип чыгабыз деген изги үмүттө болуп турабыз.

Тилекке каршы, ушундай оор учурда да саясат жасап, өздөрүнүн арам пландарын ишке ашыргысы келип жаткандар чыгып жатканы өкүнүчтүү. Мисалы, батыш өлкөлөрүнөн, АКШдан келген гранттар менен жан багып, алардын кызыкчылыгын Кыргызстанда ишке ашыргысы келип жүргөн бейөкмөтчү Чолпон Жакупова узак убакыт унчукпай туруп, анан акыры бийликке сөйкөнүүнүн жолун тааптыр. Анын президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине жасаган кайрылуусун окусаңыз, медициналык кызматкерлерге тиешелүү деңгээлге камкордуктар көрүлбөй жатат экен. Анан дагы дарыгерлерди, медайымдарды УКМКнын, ИИМдин кызматкерлери коркутууга алып жатыптыр.

Муну ачык эле провокация деп атасак болот. Коронавирус илдетине чалдыккандарды дарылоого тартылган медициналык кызматкерлерге керектүү атайын кийимдер, беткаптар жетиштүү берилип жатканын расмий булактардан эл көрүп-билип турат. Медицина кызматкерлери өздөрү да айтып жатат. Эч кандай коркутуп-үркүтүүлөр да ушул күнгө чейин каттала элек. Андыктан Жакупованын аракетин ачык провокация деп айтпаганда эмне дейбиз?

Коронавируска каршы күрөштө биз эмес, АКШнын өзүндө да абал өтө чатак болуп жатканын дүйнө коомчулугу көрүп турат. Вирусту жуктуруп алган дарыгерлер бизде гана эмес, өнүккөн өлкөлөрдө да катталууда. Эмнеге бул фактыларды Чолпон Жакупова кыйгап өтөт? Эгерде ал өз мамлекетинин, өз элинин саламаттыгын ойлосо, тескерисинче мамлекетке жардам кылып, элге туура маалымат бергенге аракет кылат эле. Бирок, бөйрөктөн шыйрак чыгарып көнүп калган бул бейөкмөтчү айым үчүн Кыргызстандын тагдыры кызыктырбайт. Ага чет өлкөлөрдөн келген гранттар гана маанилүү. Ушуну ал дагы бир жолу далилдеп жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button