Саясат

Сариев Бабановдун саясый пиарын колдонгусу келип атабы?

Экс-премьер-министр Темир Сариев өзүнүн «Шумкар» партиясы менен алдыдагы парламенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө, бул анын агымдан четтеп калбоо үчүн болгон мүмкүнчүлүгү экенин түшүнүп жатат. Экинчи жагынан алганда бул саясатчы өз күчүн реалдуу билет, тагыраагы, жеңишке болгон анын чындыгында мүмкүнчүлүктөрү аз экени белгилүү.

Ушуга байланыштуу акыркы кездерде Сариев маал-маалы менен өзүнүн рейтингин көтөрүү үчүн ар кандай аракеттерди жасап келет, бирок азырынча ал аракеттери деле ийгиликсиз болууда. Ал убагы келе калганда, өзгөчө, өкмөттүн отставкасы тууралуу каңшаарлар пайда боло калса эле  соцтармактарда Сариевди мактап-жактаган, ал Кыргызстандын тарыхында кандай премьер-министр болгондугу тууралуу жарыялар чыга баштады.  

Ошондой эле ишенимдүү ЖМКларда дагы буга окшогон маалыматтар пайда болду. Сариев өзүнүн маегинде дагы өкмөт башчылык кызматта кантип «ийгиликтүү» аракет кылгандыгын айтып бериптир.  Чынын айтканда, ал өкмөт башчы болуп турганда Ысык-Көлдө курулган жол боюнча чуу азыркыга чейин эл арасында айтылып келе жатат. Анын ызы-чуусун деле эл жакшы билет, унута элек.

Саясатчы ошондой эле өзүнүн партиясы азыркы босого пайыз менен парламентке жакын дагы жолой албастыгын түшүнүп, шайлоо босогосун 3-5 пайызга түшүрүүнү колдой тургандыгын айтып жатат.

Сариевдин колундагы көзүрү, анын пикири боюнча, Россия менен болгон байланышы экен. Саясатчы өзүнүн рейтингин ушинтип көтөргүсү келдиби, айтор маал-маалы менен Кремлдин администрациясында жакшы байланышы жана күчтүү колдоочусу бар экендигин кайталап, улам белгилеп жатат. Бул мамилелер достуктан дагы жогору жана убакыттын өтүшү менен, эң башкысы иш жүзүндө сыналган дейт ал. Саясатчынын айтуусунда так ошонун аркасынан Кыргызстанда россиялык Газпром компаниясы иштеп жатыптыр. Барыдан дагы Сариев ыраазычылык катарында РФ тараптан болгон колдоого ишенет экен, анын ичинде Жогорку Кеңешке болгон шайлоолор да кирет.

Мындай «баш айлантуу» кимге кандай таасир этерин биле албайт экенбиз, бирок Бабановдун президенттик шайлоодо Казакстандын президенти менен болгон байланышын «мактанганы» аргасыз эске түшөт. Ал тургай ишенимдүү болсун үчүн элбасынын кабылдамасында болгон,  бирок жыйынтыгында ага бул деле жардам бере алганы жок.

Балким, Сариев дагы өз сөзүн иши менен далилдеп, Путиндин кабылдамасына бараттыр, ошондо Кыргызстандагы саясатчылардын ичинен аны гана телекамералар көрсөтмөк. Ошондо гана балким шайлоочулар мурдагы премьер-министрдин сөздөрүнө ишенмектир. Эмнеси бар экен, ал мындай мүмкүнчүлүктөрдү да пайдаланышы мүмкүн.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button