Окуялар
Казак полициясы жигиттин башын дубалга жапшыра тээп, аёосуз сабады (видео)

Өткөн жуманын аягында «ублюдки в форме» деген ат менен фейсбукта казакстандык полиция көчөдө, дубалга жөлөнүп турган бир жаш жигитти резина таяк менен аёосуз сабап, тепкилеп аткан видеосу тарады.
Жаңжал качан, эмне себептен чыкканы белгисиз. Видео тек гана үч полцейскийдин бирөө жаш жигитти сабап аткан учурдан башталган. Сабалып жаткан жигит полицейскийге кол кайырып койсо, формачан тартип коргоочу анын башын дубалга жапшыра тээп, ага да моокуму канбай резина таягы менен ичке өзөөртө уруп, анан машинасын көздөй басканы көрсөтүлгөн.
Полициянын жүрүм-турумуна караганда кызымтал өңдөнөт.
Abal.kg



