Окуялар

Алайда 16 жаштагы энесин өлтүрдү

Ош облусуна караштуу Алай районунда башынан жаракат алган 52 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

2020-жылдын 25-апрель күнү саат 10:00  чамасында Алай районунун Жошолу а/а айылдарынын биринде 52 жаштагы аял адамдын жансыз денеси табылгандыгы боюнча маалымат Алай РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө келип түшкөн. Алай РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып төмөндөгүлөрдү аныктаган.

24-апрелинде саат 22:00 чамасында Алай районунун Жошолу а/а  айылдарынын биринде 16 жаштагы кыз апасы менен уруша кетип, эшикке илинүүчү темир кулпу менен апасынын башына 2-3 жолу уруп, башка бөлмөгө кирип жатып алган. Жарат алган 52 жаштагы апасы кансырап жаткан жеринде каза болуп калган.

Бул окуя боюнча КРдин Жазык Кодексинин 138-беренесиндеги (Ден соолукка оор залал келтирүү кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, кылмышка шектүү 2 айга баш коргоо чарасы камакка алынган.

Маркумдун артында 4 баласы калды, жолдошу 7-8 жыл мурда каза болгону айтылды.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button