Коом

Муктаж үй-бүлөнүн балдары үчүн 3403 сыналгы берилди

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында 8-апрелден тарта аралыктан окутуу башталгандан бери муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөгө телевизор берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Берилген сыналгыларды аймактар боюнча бөлүнгөн:

Ош облусу  – 119
Баткен облусу – 663
Чүй облусу – 701
Нарын облусу – 237
Жалал-Абад облусу – 714
Ысык-Көл облусу – 497
Талас облусу – 19
Ош шаары – 423
Бишкек шаары – 30

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталгандан тарта аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында аларга көмөк көрсөтүүдө.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button