ЖРТ жана ЖОЖго тапшыруу этаптары кандай болот. Министрдин жообу

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри
Каныбек Исаков ЖРТ жана ЖОЖго тапшыруу ЭТАПТАРЫ тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– каттоо 4-15-майда аяктайт;
– 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
– 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
– 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
– 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
– ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;
– 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
– 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;
– 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.
Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.
Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.
Abal.kg


