Коом

Коронавирус. Бишкектин жаңы конуштарында жуктургандар көп(тизме)

Бишкек шаарында коронавирус илдетине катталган жарандардын 43 %ы  жаңы конуштун тургундары экенин шаардын мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

Мэрдин айтымында  учурда Бишкек шаары боюнча 183 жаран вирус жуктуруп алган. Алардын 34ү Кыргызстандын ар кайсы аймагынан борборго келгендер.

“Учурда жаңы конуштарда кырдаал кооптуу болуп турат. 43 жугузуп алган жаран 14  конушта жашайт”,- деди ал.

Бишкекте 60 мед кызматкер жана 12 тартип сакчысы бул илдетти жугузуп алганын кошумчалады.

Бишкектеги 47 жаңы конуштун ичинен 14үндө COVID-19 вирусуна кабылгандар аныкталды. Алар:

  • Арча-Бешик конушу — 16;
  • Ак-Өргө конушу — 3;
  • Көлмө конушу — 7;
  • Ак-Босого конушу — 6;
  • Керамическая конушу — 2;
  • Ак-Ордо конушу — 1;
  • Ынтымак конушу — 1;
  • Кара-Жыгач конушу — 1;
  • Алтын-Ордо конушу — 1;
  • Көк-Жар конушу — 1;
  • Касым конушу — 1;
  • Мурас-Ордо конушу — 1;
  • Тынчтык конушу — 1;
  • Учкун конушу — 1.

Бул конуштардын тургундары өздөрү көзөмөл кылып, санитардык постторду коюп алышкан. Ал жакта райондук администрация менен Саламаттык сактоо башкармалыктары иштеп жатканы айтылды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button