Дүйнө
Тажикстанда 15 кишиден коронавирус аныкталды

Тажикстанда 15 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Тажикстандын ММК булактары өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазды.
Маалыматка караганда, өлкө аймагында илдетке кабылган адамдар бар экени пандемияны алдын алуу боюнча түзүлгөн Республикалык комиссиянын шашылыш жыйынында жарыяланган. Чогулуш өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзоданын жетектөөсүндө өткөн.
15 кишинин 10у Хожентте, бешөө Душанбе шаарында экени айтылды.
Эскерте кетсек, ушул күнгө чейин Тажикстанда коронавируска кабылган бир дагы учур аныктала элек болчу.
Abal.kg



