Коом

Журналист, акын Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү(фото)

Бүгүн белгилүү акын, «Азаттык» радиосунун кабарчысы, дүйнөдөн мезгилсиз өткөн Зайырбек Ажыматовду акыркы   сапарга узатуу зыйнаты  болду.

Маркумдун сөөгү бүгүн 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.

Коштошуу зыйнаты Ажыматовдун үйүндө, «Дордой» конушунда өттү.

Ага президенттин кеңешчиси Султан Раев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов баштаган бийлик өкүлдөрү, маркумдун калемдештери, коомчулук өкүлдөрү, кесиптештери жана жакындары катышты.

Бир нече китептин автору, көп жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген журналисти 29-апрелде дүйнөдөн кайтты.  

Ажыматов журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс», “Агым” гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. «Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан.

2019-жылы «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button