Коом
Жалал-Абад шаарында коронавирус жуктургандардын баардыгы айыкты. Бүгүн 44 мекеме ишке кирди

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында коронавирус аныкталган бейтаптын баары айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ооруканада бир да адам калган жок. Бул тууралуу шаар мэри Мураталы Тагаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, шаарда обсервацияда бир эле киши калган.
«Обсервациядагы кишинин анализдери жакшы чыкса экен деп тилеп жатабыз. Бул илдет алгач шаарга жакын Сузак районунан катталган. Жалпы жонунан биз дарыгерлер болуп 854 бейтап менен иштешип чыктык», — деди Тагаев.
Шаар мэри бүгүнтөн тарта Жалал-Абадда 44 мекеме ишмердүүлүгүн баштарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда COVID-19 аныкталган 756 учур катталды. Анын ичинен 504ү айыгып, сегиз адам көз жумду.
Abal.kg



