Коом

Бүгүндөн баштап Бишкекте такси кызматы ишке кирди. Айдоочуга өзгөчө талаптар бар

Бүгүндөн баштап Бишкек шаарында такси кызматы иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, зарыл иши чыккан шаардыктар бүгүндөн баштап такси менен жүрө алышат. Бирок коопсуздук эрежелерин сөзсүз сакташы керек.

«Айдоочу да, жүргүнчү дагы сөзсүз бет капчан болушу керек. Ар бир айдоочу күнүнө үч жолу автоунаасынын салонун дезинфекциялап, санитайзер коюшу зарыл. Таксиге эки киши жана бир баланын гана түшүүсүнө уруксат берилген. Таксист өз демилгеси менен май куюучу жайдан башка эч кайда бара албайт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 1-майга караган түнү «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери калаанын ичиндеги блокпостторду, тосмолорду алып чыгышты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button