Прокурордун инисине сот жокпу же мундирдин көлөкөсүнө катылган уурулук

Жакында Ноокен районунда нефт уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишинин бети ачылып, ага прокурордун бир тууганы аралашкандыгы тууралуу маалымат коомчулукка белгилүү болгон.
Ноокен РИИБнүн жана «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасынын ички коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин ыкчам аракети менен бир жарандын үйүнөн 7 тонна, экинчи жарандын үйүнөн 8 тонна чийки нефт табылгандыгы маалымдалган эле.
Окуя эмнеден башталган?
«Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасы тарабынан өндүрүлгөн бул чийки нефтинин
уурдалып жаткандыгын байкаган бул мекеменин коопсуздук кызматы тиешелүү
иш-аракеттерди көрүп баштайт. Акыркы 4 ай ичинде аталган кызмат Ноокен РИИБнүн
ыкчам кызматкерлери менен биргеликте нефт уурдаган адамдарды табуу үчүн болгон
аракеттерди жүргүзүп, натыйжада 16-апрелде уурулардын кимдер эккндиги белгилүү
болгон.
Ноокен РИИБнүн тергөө кызматынын башчысы Чоюнбек Исаковдун билдиргенине таянсак, 2020-жылдын 16-апрелинде Бүргөндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя айылында жашаган Назаров Залкар аттуу жарандын үйүндө ок атуучу курал жана уурдалган нефт бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул КЖБР катталып, кечиктирилгис тийиштүү амалдардын натыйжасында аталган жарандын үйүнөн 7 тонна чийки нефт табылган. Бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган жана тергөөнүн жүрүшүндө бул уурулук фактысы экендиги аныкталган.Натыйжада уурулук боюнча жазык иши козголгон. Белгилеп коюучу жагдай, уурулук кылгандыгы боюнча Назаров өз мойнуна алган.
Ошондой эле бул иште ага жардам берген экинчи жаран, «Кыргызнефтегаз» мамишканасына караштуу нефт өндүрүлгөн 6-аймактардын 82 түйүнүндө оператор болуп иштеген Юлдашев Алмаз болуп чыккан. Бул оператордун көрсөтмөсү менен көп жылдан бери нефт уурдап жүргөн делген дагы бир жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ал жерден дагы 8 тонна нефт табылган. Иликтөө учурунда бул уурулар нефт уурдагандыгын жашыруу максатында жүк ташуучу унаага атайын каражаттарды жасап алышкандыгы белгилүү болгон.
Сырттан караганда бул автоунаа нефт эмес, чөп ташып келе
жаткандай көрүнөт.
Эң кызыгы – бул 8 тонна нефт табылган үй Нурбек Тургунбаев аттуу прокурорго
таандык менчик турак-жай экен. Бул тиешелүү каттоо органдары тарабынан дагы
тастыкталган. Жогорудагы уурулардын бири так ушул прокурордун бир тууганы
Кубаныч Тургунбаев болгон.
Бул үйгө жүргүзүлгөн тинтүүнүн мыйзамдуулугу боюнча айтсак, сот аны мыйзамдуу деп тапкандыгын дагы кеп кезеги келгенде белгилеп коюушубуз зарыл. Дагы бир баса белгилеп кое турган жагдай, Момбеков айылындагы прокурорго таандык делген үйдү тинтүүдө анын бир тууганы Кубаныч Тургунбаев өзү катышкан.
Ошол учурда ал тергөө кызматкерлерине жана
«Кыргызнефтегаздын» өкүлдөрүнө ишти тынч эле бүтүрүүнү сунуштаган. Бирок, бул
сунушу колдоо таппагандан соң ал ооруп жатат дедиртип, ооруканага жатып алган.
Бул жарандар алгач 48 саатка камакка алынган, кийин баш коргоо чарасы каралып,
Ноокен райсоту аларды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Бул иш ЖМКларда жарыя болду. Жарыя болгону менен арты кандай болуп жатат, бул
дагы азыркы учурда кызыгуу жарата турган абалда турат.
Тагыраагы, башында прокурорлор тарабынан аларды үй камагына бошотуу боюнча көрсөтмөлөр түшүп, кысым жасалып келсе, эми райондук сот менен райпрокуратура аларды калкалап үй камагына чыгарып жиберишкен. Чечим судья С. И. Бекташев тарабынан чыгарылган.
Ушул жерден суроо жаралат. Уурулук фактысы аныкталып жана аны уурдагандар өз моюндарына уурулук кылгандыгын алып жатышса, эмнеге жана эмненин негизинде алар үй камагына чыгарылды? Буга райондук сот жана райондук прокуратура кандай жооп берет?
Бул мундирдин көлөкөсүндө жашынган уурулук бул бойдон калбашы керек. Эгер чынында эле райсот менен райпрокуратура бармак басты, көз кысты аракети менен аларды үй камагына чыгарып жиберген болсо, алардын дагы жоопкерчилиги каралышы керек.
Ал эми прокурор Нурбек Тургунбаев бир тууганы тууралуу эмне дейт? Анын иши тууралуу билген эмесмин деген жоопту айтышы да мүмкүн, бирок, «честь мундира» деген улуу сөз алдында бул жорукту кандайча баалар экен? Эгер уялса, мыйзам барына бирдей делген принципти кармаса, таза иштеген адам болсо, райсот менен райпрокурорду уяткарып, бир ооз сөзүн айтат деген ишенимдебиз.



Abal.kg