Дүйнө

Белоруссиянын абалы өтө оорлой баштады. Коронавирус жуктургандар 15 миңге жетти

Белоруссия өлкөсү карантинге жабылган эмес. Дүйнөнүн, айрыкча жанында эле турган Европанын мамлекеттери жапырт карантинге өтүп жаткан мезгилде,  Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко эл толо стадиондо хоккей ойноп жүргөн. Ал түгүл башкалардын дүрбөлөң түшүп атканын Белорусь лидери сынга алган. Эми, тилекке каршы бул, 10 миллиончо эли бар өлкөдө эпидемиологиялык абал көзөмөлдөн чыгып кеткендей абалга туш келгени ачыкка чыга баштады.

Бир сутканын ичинде Белоруссияда COVID-19ду жуктургандар 890го жетип, жалпы бейтаптар 14 917и түзүп, көз жумгандар 93 адам болду деп, жума күнү республиканын саламаттык сактоо министирлиги кабарлаганын, 1-майда РИА Новости билдирди.

Андан бир эле күн мурда, бейшембиде жуктургандардын эсеби 14 027, көз жумгандар 89 экенин ошол эле саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган. «COVID-19га тестирленген 186 262адамдын ичинен 14 917синин тестти вируска оң натыйжа  берди, бул жалпы тесттен өткөндөрдүн 8%ин түзөт. Инфекция өлкөнүн территориясында жайыла баштаган мезгилден тартып 93 бейтап коронавирус инфекциясынын айынан өнөкөт оорулары козголуп каза табышты», — деп айтылган пресс-кызматтын билдирүүсүндө.

Министрликтин маалыматы боюнча республикада жалпысынын COVID-19 диагнозносу аныкталгандардын  ичинен 2918 бейтап айыгып ооруканалардан чыгарылган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button