Дүйнө

Дарига Назарбаеванын Казакстан Сенатынын депутаты катары ыйгарым укугу токтотулду

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин 2-майдагы жарлыгы менен Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын депутаты Дарига Нурсултановна Назарбаеванын ыйгарым укугу токтотулду.

Бул тууралуу маалымат 2-майда Казакстан Республикасынын Президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Эске сала кетсек, 2016 –жылы  15-сентябрда Дарига Назарбаева сенаттын депутаты болуп дайындалган.  А  2019-жылдын мартында коллегаларынын чечими менен сенаттын төрайымы болуп шайланган. Өткөн жылдын августунда  кайрадан сенатка спикер болуп шайланып, ага 48 депутат колдоп добуш берген.

Назарбаеванын кандидатурасын Касым-Жоомарт Токаев өзү сунуштаган. Дарига Назарбаева 1963-жылы Темиртауда,  Нурсултан менен Сара Назарбаевдердин үй-бүлөсүндө туулган. Саясий  илимдердин доктору, тарых илимдеринин кандидаты. Ар кайсы жылдары мажилистин төрөгасынын орунбасары болуп иштеген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button