Коом

Коронавирус менен күрөшкөн медиктер кошумча канча айлык алаары айтылды

Коронавирус жуктурган бейтаптар менен стационарда иштеген медиктер изоляцияга чыкканда да акы алышат. Бул тууралуу бүгүн Республикалык штабдан кабарлашты.

Стационарда иштеген медиктерге акча күнүнө эсептелет. Анын ичинен дарыгерлерге 2300 сом, орто медперсоналга 2000 сом, кенже медперсонал менен техникалык кызматкерлерге 1800 сом берилет.

«Булар стационардан чыкпай иштешет. Андан кийин 14 күнгө изоляцияга алынышат. Бул учурда да күнүнө аларга 900 сомдон берилет», — деп айтылат.

Дарыгердин кошумча акысындагы 2300 сомду 15 күнгө эсептегенде 34 500 сом, ал эми изоляцияда жаткан 14 күндүн акчасы 12 600 сом болот. Экөөнү кошкондо коронавирус менен ооруканада күрөшкөн дарыгер 29 күндө 47 100 сом кошумча акча алышы керек.

График боюнча иштеген медиктердин айлыгы саатына эсептелет. Мисалы, дарыгерлерге 100 сом, орто медперсоналга 90 сом, кенже медперсонал менен техникалык кызматкерлерге 80 сом каралган. Тез жардам кызматкерлерине илдет жуктуруп алган бейтаптарды ооруканага алып барганына жараша төлөнөт. Мисалы, дарыгерлерге 600 сом, орто медперсоналга 500 сом, кенже медперсоналга 400 сом каралган.

Иш убактысына жараша ар бир медкызматкердин төлөмүнүн өлчөмү ар кандай болуп калышы ыктымал экендиги кошумчаланды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button