Окуялар
Бишкекте коронавирус жуктурган № 3-бейтапкананын дарыгери каза болду

Кечээ, 1-майда кечки саат тогуздар чамасында № 3-бейтапкананын бөлүм башчысы Жүзүм Кокумбаева коронавирус жуктуруп алып, дарыланып жатып, ооруканада каза болгонун VB.KG маалымат агенттиги жазып чыгарды.
Маалыматта маркум дарыгердин кесиптештери бул окуяны абдан кейиштүү жана кайгыруу менен кабыл алганын кабарлашкан.
-Жүзүм Кокумбаева абдан мыкты жана өз кесибинин адиси эле. Көз жашыбызды тыя албай жатабыз. № 3-бейтапканада 13 дарыгер вирус жуктуруп алышкан. Маркум дарыгер өзүнүн уулуна да жуктуруп алган эле, ал бүгүн гана реанимация бөлүмүнөн палатага которулду,- деп айткан кесиптештери.
Бүгүнкү күнгө карата коронавирус жуктурган дагы эки адам каза болгону маалымдалды. Алардын бири ушул дарыгер.
Abal.kg