Окуялар

“Вечерний Ургант” көрсөтүүсүндө кыргыздарды келекеледи (видео)

Орусиялык телеаалпаруучу Иван Ургант өзүнүн “Вечерний Ургант” көрсөтүүсү аркылуу Москвадагы кыргыздар тууралуу тамаша  аралаш келекелеген сөз айтты.

Ал  акыркы көрсөтүүлөрүнүн биринин баш жагында “Союз мультфильм” Японияга колдонуу укугу берилген “Чебурашканын” образын кайра кайтарууну көздөп жатканын айтты.

”Союз мультфильм” мындан 15 жыл мурун Японияга колдонуу укугу берилген “Чебурашканын” образын кайтарууну максат кылууда. Ал эми Япония тарап образды 2023-жылга чейин колдонуу тууралуу укугу бар экенин айтууда. Азыр “Чебурашка” боюнча соодалашуу жүрүп жатат. Япония “Чебурашканы” бизге кайтарышы мүмкүн, бирок, биз ордуна башка бир нерсе бериш керек. Алар Курил аралдарын сурашы мүмкүн, бирок, биз аны бере албайбыз. Ордуна башка алмашууну сунуштайбыз. Япониялыктар силер бизге “Чебурашканы” бергиле, а биз силерге Москвадагы япон ресторандарында иштеген бардык официанттарды беребиз. Мындай жол менен биз 2 сооп иш жасайбыз: “Чебурашканы” мекенине кайтарабыз жана кыргыз элинин жарымы акыры Токиону көрөт”,-деди Ургант.

Телеалып баруучунун  тамаша аралаш сөзү кыргыз элин келекелеп  жатканын айтып, кыргыздар интернет тармагында нааразы болушууда.

Эске салсак, буга чейин орусиялык дагы бир белгилүү телеалпаруучу Андрей Малахов кыргыздар тууралуу кемсинткен пикир айтып, кийин кайра кечирим сураган эле.

PS.:Урганттын кыргыздарды келекелеген жери 4-минутанын 42-секундасында башталып, 5-минуттун 30-секундасында аяктайт.

https://youtu.be/sQKae5WC7xQ

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button