Саясат
Назарбаевдин «билдирүүсүн» Үкүбай жокко чыгарды

Елбасынын пресс-катчысы Айдос Үкүбай бүгүнкү Нурсултан Назарбаевдин билдирүүсү тууралуу тарап аткан видеону жокко чыгарды. «Елбасынын билдирүүсү” деп тарап аткан видео фейк болуп эсептелээрин айта кетейин. Караниеттер жоопко тартылат», — деп жазды Үкүбай өзүнүн «Твиттеринде». Ал бул жалган маалыматка ишенбегиле деп чакырды. «Мындай таркатылып жаткандардан сак болуп, расмий булактардан текшерип турушуңуздарды суранам», — деп белгиледи Үкүбай.

Ал эми таратылып жаткан билдирүүлөрдү Үкүбай “провокация жана калп” деп атады.
Эсиңерге сала кетсек, бүгүн 2-майда Дарига Назарбаеванын сенаттын депуты ыйгарым укугу токтотулду. Бул туурасында жарлыкты Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чыгарды.
Abal.kg



