Коом
Кыргызстанда коронавирус дагы 26 кишиден табылды. 14 бейтап Бишкектен

Республикалык саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 3-майга карата Кыргызстанда коронавирус дагы 26 кишиден табылган. Ушул учурда баш аягы 795 кишиде коронавирус инфекциясы бышыкталган. Бүгүнкү күнгө карата 576 бейтап айыгып чыккан. Көз жумгандардын саны -10. Арасында 2-майда каза тапкан бир врач бар – 1962-жылы туулган Жүзүмкан Көкүмбаева, саламаттык сактоонун отличниги, Бишкектеги №3-поликлиниканын үй-бүлөөлүк врачтар тобунун башчысы. 2-майдагы каза тапкандардын экинчиси Жалал-Абад областынын тургуну. Аял киши. Россиядан 28-апрелде учуп келип, коронавирус инфекциясы бышыкталып, 29-апрелде республикалык инфекциялык ооруканга жаткырылган.



