Дүйнө

Врачтар Британиянын премьери Джонсонду өлөт деп, ага кантип даярданышкан

Коронавирустан айыгып чыккан Улуу Британиянын премьер-министри  Борис Джонсон, Sun басылмасына врачтар анын өлгөнүн угузууга кантип даярданышканын айтып берген. Бул туурасында 3–майда РИА Новости маалымдады.  

«Абалым анча жакшы эмес болчу, андыктан запастагы пландар да бар экенин билгемин. Кокус баары жаман болуп кетсе, эмне кылыш керек экени туурасында врачтардын ар кандай пландары бар болчу», — деп айткан Джонсон.

Британиянын премьеринин сөзүнө караганда, ал ооруканада «литрлеген жана да литрлеген» кислородорду алган да, ушул абалдан кантип чыгаары тууралуу ойлоно баштаган. Ал өзүн бактылуу кишимин деп атаган. Джонсон интервьюсунда аны дарылап айыктырышкан медициналык кызматкерлерге дагы бир ирээт ыраазычылыгын билдирген.

Мурдараак эле Борис Джонсондун жаңы төрөлгөн баласынына Уилфред Лори Николас деген ат коюшканы айтылган. Николас деген ат балага премьердин өмүрүн сактап калышкан врачтардын ысымынан берилген.  

Премьер-министр коронавирус жуктурганын 27-марта жарыя кылган. Андан кийин изоляцияга кетип, иштегенин уланта берген. 3-апрелде ал температурасы жогору болуп жатканын билдирген, а кийинки күнү ооруканага жаткырылган.

Алтынчы апрелде премьердин офиси  Джонсондун абалы оорлогонун, аны реанимацияга жаткырышканын кабарлаган. Кийинки күнү премьердин абалы стабилдүү экени, ага өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратты коюуга зарылчылык жок экени, ал өзү дем алып, стандартуу кислороддук дарылоодон өтүп жатканы айтылган. Тогузунчу апрелде өкмөт башчысын реанимациядан кадики эле палатага которушкан.

Премьер-министр Лондондун Даунинг-стриттеги  резиденциясына 26-апрелде кайтып келип, эртесинен баштап иштей баштады.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button