Дүйнө

Лукашенконун хоккей командасынан коронавирус чыкты. Президент тест тапшыра элек

Мурдараак президенттин хоккей  командасынын мүчөлөрүнүн биринен коронавирус табылганы маалымдалган. Андан тышкаары Пасхада Лукашенко барган монастырь эпидемиологиялык абалдан улам жабылган.

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко коронавируска тест тапшырган жок, анын абалы эң сонун, деп билдирди мамлекет башчысынын пресс-катчысы Наталья Эйсмонт. Бул туурасында 2 – майда INTERFAX.RU  маалымады.

«Абсолютно так билем, президент эмдигиче  коронавируска тест тапшыра элек.  Буга эч кандай зарылдык жок», — деди Эйсмонт, «Беларусь 1» телеканалынын эфиринде.

Президент шаардын сыртында жашайт, иш жүзүндө айылда турат, көп жылдан бери өзүнүн адаттарын өзгөрткөн жок, саламаттыгын чыңдай турган жашоо образы менен алектенет, иммунитети жакшы жана абалы эң сонун, деп белгиледи. «Ошондуктан тест жасоого эч кандай зарылдык жок», — деп баса айтты пресс-катчы.

2 –майга карата Белоруссияда  COVID-19дан көз жумгандар 97ге жетти, жугузганы бышыкталгандар 15 828, акыркы бир суткада 911 кишиге жуккан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button