Араб врачтары коронавирустан дарылоонун жаңы — инновациялык методун табышты
Бириккен Араб Эмираттарынын (ОАЭ) экономика министрлиги Абу-Дабидеги өзөк клеткаларын ( стволовые клетки) изилдөөчү Борборго, COVID-19ду өзөк клеткаларын чогултуунун алдыңкы методун пайдалануу менен дарылоочу инновациялык жолун пайдаланууга патент берди, деп билдирди Эмираттын маалымат агенттиги. Бул туурасында 4—майда РИА Новости маалымдады.
«Патент Абу-Дабидеги өзөк клеткаларын изилдөөчү Борбордун изилдөөчүлөрүнө өзөк келткаларын инновациялык жол менен чогултуу аркылуу, бейтаптын өз канынан өзөк клеткаларын бөлүп алып, аны активдештиргенден кийин кайрадан оорулууга пайдалануу менен COVID-19ду дарылоого берилди», — деген, министрликтин билдирүүсүн жарыялаган маалымат агенттиги.
Агенттиктин маалыматтарына караганда, алынган затты дисперстик чачыратуунун жардамы менен өпкөгө үйлөө аркылуу, бейтаптар ийгиликтүү айыктырылган. Бул дарылоону алган бир дагы бейтапта, дароо пайда болчу кошумча эффектердин баамдалбаган.
Бул дарылоо методу, клеткаларды регенерациялоо жана иммундук жооп берүүнү модулдаштыруу аркылуу, иммунитеттин инфекцияга ашыкча реакциясын басаңдатып, андан ары таза клеткалардын зыянга учурашын алдын алуу менен, өпкөгө терапевтик таасир берет.
Агенттиктин маалыматы боюнча, клиникалык дарылоонун алгачкы этабы 73 бейтапка сыноодоон ийгиликтүү өттү. Дарылоонун эффективдүүлүгүн демонстрациялоочу методду сыноо уланып жатат, эки жуманын ичинде аяктап калат, деп маалымдады агенттик. Бул методду пайдалануу, бейтаптарды медициналык манипуляциялардын кадимки жолу аркылуу дарылоо менен бирдикте ишке ашат. Андыктан аны ашмаштыруучу метод эмес, дарылоонун бекитилген протоколуна кошумча түрдө болот.
Abal.kg