Коом
Лейлектеги селдин чыгымы 69 миллион сом болду

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Лейлектеги сел жүргөн аймактарга барды. Мадумаров селдин кесепетинен бузулган турак үйлөрдү, имараттарды көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн Басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, селдин кесепетинин чыгымы 69 млн. сом деп эсептелди. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү органдарга тапшырма бергени маалымдалды. Бирок азырынча жабыркагандарга кандай жардам болоорун айтыла элек.
Abal.kg



