Дүйнө

«Акча жок» деп наалыган россиялыктарга спортсмен нааразылыгын билдирди

Чеченстандын борбору Грозныйдын «Ахмат» футболдук командасынын башкы тренери, Россиянын курама командасынын мурдагы футболисти Игорь Шалимов, пандемиянын учурунда жарандарга көрсөтүлүп жаткан колдоо боюнча өз пикирин билдирди. Анын пикири спортсмендин Instagramынын түз эфиринде айтылганын, «Чемпионат.соm» кабарлады , деп 3-майда Lenta.Ru маалымдады.

51 жаштагы адис россиялыктар пандемиянын учурунда колдоо жеткиликтүү болбой жатат, дешип мамлекетти сындаштын кереги жок деп эсептейт. «Дүкөндөр ачык, метро иштеп атат, троллейбус менен автобус жүрүп турат. Биз үчүн маанилүү иштерди жасап аткан адамдар, анүчүн акча алып атышат. А эгер сен жатып алып эле акча алгысы келген  жанбакты болсоң – ал сенин тандаган жолуң. А балким кесибиңди алмаштырганың оңдур», — деди ал.

«Кимдин жашоосу чындап эле жаман – бомждардыкы. А азыр наалып аткандардын жашоосу жакшы эле. Суроо – а силерге эмне үчүн жардам бериш керек? Анчалык эмне болуп кетти?» — деп кошумчалады Шалимов.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button