Коом
Бишкекте карантин күчөтүлүп, блокпосттор кайра орнотулат

Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу блокпостторду коюуну карап атышат. Бул тууралу вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.
-Бишкек мэриясы борбордогу карантинге карата ички тосмо постторду кайрадан орнотууну карап жатат. Бул унааларды жана жөө жүргөн адамдардын кыймылын чектейт. Бишкек мэриясы карантиндин чараларын күчөтүүнү колго алат. Андан тышкары инфекция тарап жаткан очогу чыккан жерлерге кошумча карантин посттору коюлат,- деди Кузнецова.
Вице-мэрдин айтымында вирус чыккан аймактардын көбү жаңы конуштардан катталып жатат. Ушул конуштарда карантинди күчөтүү зарылдыгын билдирди.
Эскерте кетсек Бишкекте 1-майдан тарта айрым тармактар ишке кирип, таксилер жүрө баштаган эле.
Abal.kg