Коом

КР эл артисти Роза Аманова Сыймык Жапыкеев менен сотто сүйлөшө турганын айтты

Акыркы мезгилдерде интернеттеги социалдык баракчаларга Сыймык Жапыкеев  депутат Кубанычбек Жумалиевдин байлыгын эсептеп, ага карата бир топ кинелерди койгон видеосун чыгарган. Сыймык Жапыкеевдин айтканына Жумалиевдин жубайы Роза Аманова “Коом Рress” сайтына жооп берген экен.

“Сыймык Жапыкеев аттуу жигит биздин үй-бүлөгө болуп көрбөгөндөй каралоону уюштурууда. Анын артындагы дирижерунун ким экендиги дагы ачыкталаар. Эсине келээр десек, эми мени жок кылганы жатышат деп чыгыптыр. Өзү жакшы кеңеш берип жатат, сотко бериш керек деп, дайым эле “бийик” боло бербей, укуктук талаада ал жигит менен сүйлөшүш керек окшойт. Айткандарынын баарын далилдейт деп ойлойм. Өзү мурда прокурор болуп иштептир. Демек, мыйзамдуу жол, адам укугу, жалаа жабуу боюнча кандай жаза колдонулаарын эң жакшы билет деп ойлойм”-деди ал.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button