Коом

Улуу майдандын жана тынчтык замандын жоокери. Абды Рыскулов — Аплам

Улуу Ата-Мекендик согуштагы улуу Жеңишке ондогон жылдар айланып өтүп, быйыл 75-жылдын жүзү болуп жатат. Жеңиш күн келген сайын Улуу Ата-Мекендик согуштагы аталарыбызды, агаларыбызды эскерип, алардын элестери көз алдыга тартылып, эл элегине кайра салып эскерүүнүн мааниси чоң экендигин жаш муун түшүнсө экен деп далалат кылып, биздей улуу муундун өкүлдөрү келечек ээлерине айтып берип, алар жүрөгү менен кабыл алууларына болгон аракетти жумшап калат экенбиз. Себеби, ал бактылуу келечек үчүн эрдик көрсөткөн аталарыбыз жаңы муундун өнүп өсүшүнө, чыныгы адам болушуна өрнөк болот деген ишеничибиз зор.

Дал ушундай кыргыз элинин бир уулу, согуштун катышуучусу чоң атам Мамбетакундун иниси Абды атам жөнүндө сөз кылуунун ыңгайы келип турат.

Абды Рыскулов 1913-жылы Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районуна караштуу Чоң-Кызыл-Суу айлында туулган. Тектүү бүлөдөн тарбияланган, атасы Жаныбек уулу Рыскул 1907-1913-жылдары Жети-Өгүз өрөөнүндөгү дөөлөстөрдүн бийи болгон.

1921-жылы агасы Мамбетакун Абды менен Асанакун инилерин  Каракол шаарындагы мурдагы  орус-тузем мектебинин негизинде түзүлгөн жатак мектебине кийирет. Мектептин 6-классын окуп бүтүргөндөн кийин “бийдин баласы” аталып куугунтукталып, окуудан чыгарылган доорго да туш болгон. Кийинчерээк, заман бир-аз өзгөргөндө мугалимдердин билимин өркүндөтүү курсун бүтүрүп, бир нече жылдар бою мугалимдик кесипти аркалап, 1942-жылы мугалимдерди согушка катыштырбаганына карабастан өз ыктыяры менен майданга аттанган. Ошол эле жылы кенже командирлерди тездетилген  даярдоо курсун бүтүрүп сержант наамын алган.

Курста окуган мезгилде жоокерлик-аскер өнөрүн үйрөтүү менен бирге лыжа тээп, алыскы аралыкка ыкчам жүрүү ыкмаларына машыктырышкан. Курсту аяктагандан кийин 54-аткычтар бригадасынын аткычтар бөлүмүнүн командири болуп дайындалган. 1942-жылы ноябрь-декабрь айларында фашисттик баскынчыларды талкалоого карай бир нече согуш иштерине катышкан. Бир жолку Великие Луки шаарынын жанындагы чоң  салгылашууда лыжасы менен жыгылып түшүп, кайта тура калып андан ары чуркайын дегенде оң бутун сезбей шалак этип кайта жыгылганда жарадар болгонун түшүнөт. Жанындагы лыжачан жоокерлер “ураалап” андан аркы чабуулду улантып алдыга умтулган бойдон кетишет. Ал талаада душмандын огуна учкан солдаттардын арасында жалгыз калат. Чабуул бүтүп санитарлар келгиче суукта тоңуп калбайын деп канды токтотуу амалында белиндеги кур менен ок тийген жерден өйдөрөөк жоон санын чытырата бууп алып санчастка биртоп аралыкты өзү кар жиреп сойлоп келет. Жарадарды көргөн фельдшерлер операцияга ыкчам киргизип, бир чоң кружка таза спирттен ичире салып алка-шалка тердеп жаткан кезде оорудан тилин кырча тиштеп салбашы үчүн оозуна шинелдин калың үзүгүн тиштетип эки колун жана соо бутун операция столуна байлап кадимки ара менен араалапоң бутун тизеден өйдө жоон сандан таарып кесишет. Андай жерде азыркы кездегидей “наркоз” да жок, ооруну басаңдатчу дары да жок, жан чыдагыс ооруну көтөрүүдөн башка арга жок эле. Абды атанын жанындагы берки жарадарлардын колу-бутун кесип жаткандагы үндөрү Кудайга жетип кыйкыргандарын, колу-буттарын байлоодон жулуп алып  дарыгерлерди башка-көзгө көгала кылып муштагылап койгулап, буту жеткени ак халатчандарды ичке тепкилеп жаткандарын каңырыгы түтөп айтып бергени күнү бүгүнкүдөй эсимде калды.

Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда уюштуруучулук жөндөмү, ак ниеттүүлүгү, мээнеткечтиги менен тапшырмаларды так аткаргандыгы үчүн ВКП(б)нын мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Жарадар болоордон мурда фашисттердин стратегиялык бир нече объекттерин талкалап жок кылуудагы, ошондой эле алардын штабдарын, пункттарын Абды Рыскуловдун бөлүгү ээлеп, душмандын курал-жабдыктары менен  согуштук техникаларын пайдаланууга жараксыз кылгандыгы үчүн “Кызыл Жылдыз” ордени, бир нече медалдар менен сыйланган. Ал эми “Жеңиш күнүнө” карата согуштагы көрсөткөн эрдиги үчүн “1-даражадагы Ата-Мекендик согуш” ордени менен сыйланган.

Бутунан ажырагандан кийин госпиталдан госпиталга түшүп, жараты айыкканча канчалаган азапты башынан кечирип, кош балдак менен басканга уйрөнүп Ата-Мекендик согуштун майыбы катарында орус улутундагы медайымдын коштоосунда эки балдагына таянып туулуп өскөн жерине үч ай жол жүрүп кайтканы белгилүү.

Согуштан кийинки жылдары Рыскулов Абды ата бир бутунун жоктугуна карабастан, кайратынан жазбай алты саны амандардын катарында элдин алдыңкы сабында жүрдү.

Мугалимдик кесипти аркалап Жети-Өгүз районунун Шалба (Тилекмат), Дархан, Тамга айылдарынын мектептеринде балдарды окутуп, андан соң  Саруу айлындагы ата-энесинен согушта ажырап, СССРдин батыш тарабынан  эвакуацияга туш болгон жетим балдардын балдар үйүнүн орус-кыргыз мектебине орус тилди жакшы билгендиги үчүн мугалимдикке чакырылган. Балдар үйүнүн директору да согуштан бир бутунан ажыраган украин улутундагы Ворон Захар Иванович болгон. 1944-жылдын күз айларынан 1958-жылга чейин жогорудагы мектептерде келечек муунга талыкпай билимин берип, дасыккан тажрыйбалуу педагог катары көптөгөн улан кыздарды уясынан учурган. Тарбиялаган окуучуларынын катарында белгилүү инсандар, көп жылдар бою агартуу министри болгон тарых илимдеринин доктору Абдылда Каниметов, геология-минерология илимдеринин доктору Үсөнгазы Асаналиев, партиялык советтик кызматкер Кален Жетимишбаев сыяктуу окуучулары жашоого болгон көз карашын калыптандырган, пайдубалын түптөгөн агайынын эмгегин даңазалап, атактуу адамдардан болуп, ар дайым агайы менен кабардар болуп турушкан. 1958-жылдын аягынан баштап Чоң-Кызыл-Суу мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип 1962-жылдан баштап чарбалык ишке өтүп  “Победа” колхозунун Казанбак, Чоң-Кызыл-Суу өрөөнү боюнча комплекстик бригадасынын бригадири болуп иштеген. Атка шарт минип, куландан соо жаш жигиттин элесин бергенине көргөн адамдар таң калышчу деп карыялар эмдигиче эскеришкендиги да чын.  Өзүнүн 1метр 95см зор келбетине карабай, эки балдагын канжыгага ыкчам байлап кайта тез ала койгонго ылайыктап, үзөңгүгө соо бутун салып, ээрге тартылып, шапа-шупа мине калып, аттан түшөөрүндө бирөөнүн жардамысыз шарт түшө калган шайдоот адам эле. Атка минип, ар түрдүү партиялык кызматтарды аркалап, эл арасында үгүт-насыят иштерин активдүү уюштуруп алып барган. Журт туткасы болуп, сүйлөгөн сөзү жерде калбай, бүтүндөй Ысык-Көл өрөөнүнө алынып урмат-сыйга татыган. Акты ак, караны кара деп тааныган акыйкатчыл, көңүл ээрчиткенди жактырбаган чечкиндүү чыныгы мырзалык  сапаттары менен өрнөк болгон. Ага-тууган арасында Абды деген аты унут болуп Аплам деп аталып калган. “Аплама кеңешели, Аплам айтсын”-дешип кандай маселе, кандай иш болбосун Апламдын ою акыйкат болгон. Кыргыз элинин санжырасын, тарыхын эң жакшы билип, анын ичинде дөөлөс уруусун талдап таанып, кырааты менен сүйлөп берип, Жети-Өгүз өрөөнүндөгү бешдөөлөстүн билгиси Абды Рыскулов ата эл ичинде аброю жогору, кадыры бийик инсанга айланган.

Байбичеси-Чырак айлынын кызы Токтобүбү апа менен кыздары Ленакан, Жумагүл, Догдурканга, уулу Эрмекбайга таалим-тарбия беришип, уул-кыздары эл ишенимине алынып татыктуу кесип ээлеринен болушкан.

Рыскулов Абды ата 1993-жылы 80 жаш курагында дүйнө салган.

Рыскулов Абды атанын Улуу Ата-Мекендик согуштагы эрдиги, андан кийинки жылдардагы кайраты менен кажыбас эмгеги келечек муунга өрнөк болот деген изги тилегим менен,
Рыскулов Абды атанын агасы, Мамбетакундун небереси,
Кыргызстандын майыптар, Ассоциациясынын төрагасы                                   
Калык Мамбетакунов

Абды ата байбичеси Токто эне менен
Абды Рыскулов уулу Эрмекбай менен

Сүрөттөр үй-бүлөлүк архивден алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button