Дүйнө
Москвада жогорку курстагы медик студенттер практикага коронавирус ооруканаларына барышат

Москвада 1-майдан тартып коронавирустан дарылап жатышкан ооруканаларга, практикадан өтүү үчүн, меджождордун жогорку курстарынын студенттери жиберилди. Бул туурасында 5-майда Коммерсантъ жазып чыкты.
Мындан бир нече күн илгери Москванын мэри Сергей Собянин Россиянын премьер-министри Михаил Мишустинден, жогорку курста окушкан меджождордун студенттерин коронавирус инфекциясынын бейтаптарын дарылап жаткан ооруканаларга практикага жиберүүнү өтүнгөн эле.
Студенттерди коронавирус инфекциясынын бейтаптарын дарылап жаткан ооруканаларга практикага жиберүү тууралуу тийиштүү буйрук Россиянын саламаттык сактоо жана билим-илим берүү министрликтери тарабынан даярдалган.
Abal.kg



