Башкы санврач Нурболот Үсөнбаев: Вирус көчөдөн баштык, же кийим менен да келет
Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары, Республиканын башкы санитардык врачы Нурболот Үсөнбаев, коронавирска каршы күрөшүү ыкчам штабында, 5-майга карата эпидомиологиялык абал туурасында массалык-маалымдоочу каражаттар аркылуу күндөлүк маалыматтарды берип жаткан учурда, журналист андан 69 жаштагы каза тапкан адамга вирус кандайча жугуп калышы мүмкүн экенин сураган.
Эпидемиологиялык кырдааал кишилердин ортосунда карым-катнаш күчөй баштаганда өөрчүп кетиши мүмкүн экенин айтып келип “Вирустун жугуу потенциалы өтө жогору. Адам үйгө көтөрүп кирген баштыктары, же үстүндөгү кийими менен деле алып келиши ыктымал”, деп жооп берди, министрдин орун басары. Социалдык дистанцияны (1,5 – 2 метр) сактоо зарылдыгын, бул илдетке демейдегидей “таза жүрүп жатабыз” деген мамиле болууга тийиш эмес экенин, өтө этиеттик менен мамиле жасоо керектигин эскертти.
Abal.kg



