Коом

Бишкекте карантин режимин көзөмөлдөө катуу күчөтүлөт

Борбордо карантин режимин көзөмөлдөө күчөтүлөт. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында борбордогу айрым соода түйүндөр, базарлар   эч кандай санитардык талаптарды аткарбай жатышат. Дарыгердин айтымында таксинин айдоочусу да  бетине беткап кийбей элди тейлеп жүрөт. Ошондуктан борбордо карантин режимин өтө көзөмөлдөө керектигин билдирди.

Ал эми вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун айтымында майрам күндөрү көчөгө чыккан элдин саны көп  болгон.  Ошондуктан патрулдук милиция кызматынын  да ишин күчөтүп, санитардык гигиеналык эрежелерди сактоого жана дистанциялык аралыкты да көзөмөлгө алууга чакырды.

Карантиндик посттордо да  борборго кирген жана чыккан унааларды дыкат көзөмөлгө алуу  керектигин баса белгиледи.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button