Саясат

Кубанычбек Жумалиев коррупцияга аралашкан эмесмин, миллион байлыгым жок деп куран кармап карганды (видео)

Фейсбук баракчасынын колдонуучусу Сыймык Жапыкеев Депутат Кубанычбек Жумалиевдин миллиард сомдорун жана анын байлыктарын санап, ал эл алдында жооп бериши керектигин айтып, видео кайрылууларды жасап келген. Ошондон улам Санат телевидениесине коомдук активист Мелис Аспеков менен Кубанычбек Жумалиев келип, Сыймык Жапыкеев айткан миллиондор тууралуу талкуу болду.

Мелис Аспеков: “Ушунча көп жылдардан бери абдан чоң кызматтарды аркалап келгенмин,  эч качан мен коррупцияга малынган эмесмин,  коррупцияга жол берген эмесмин, пара алган эмесмин, чет мамлекетте эч кандай мүлкүм жок,  интернетте Сыймык Жапыкеев айткандай  бир топ миллион долларым жок деп элдин алдында  айта аласызбы. Сен сизге  деп атайын куран китеп ала келдим эле. Ушул ыйык куранды, ыйык орозо күнүндө колуңузга кармап, кыргыз элинин алдында  мен эч качан коррупцияга малынган эмесмин, мен таза иштеп келатам  деп ант бере аласызбы”,-  деп куран китепти сунду.

Кубанычбек Жумалиев куран китепти колуна кармап:
“Урматтуу кыргыз элим, социалдык желеде отургандар! Мен Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович, 1992-жылдан 2005-жылга чейинки иштеген учурда бир дагы коррупциялык ишке катышкан эмесмин.Ал эми туугандарым өз эмгеги менен өздөрү тапкан акчасына иштеп жатат. Мен кайсы учурда болбосун, так жана таза, эч кимге акаарат келтирбеген таза адам катары жүрөм. Мен куранды кармап туруп айтам, менин 2 жарым миллиард доллар акчам жок! Андайды апыртып жаткан Сыймык мындан кийин айтпай жүрсүн! Мен коррупцияга аралашкан эмесмин! Бүгүнкү күндө бир миллиондон ашык байлыгым жок” деп карганды.

https://youtu.be/AdVhws8o7Ew

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button