Коом

Жалал-Абадда 10дон ашык, Ошто 80ден ашык ишкана жабылды. Кезек Бишкекке жеттиби?(фото)

Бүгүн, 5-майда Жалал-Абад шаарында 1-майдан тарта ишке кирген ишканаларга рейд жүрүп, жыйынтыгында санитардык-эпидемиологиялык талапты аткарбаган 10дон ашык ишкана жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, шаар мэри Мураталы Тагаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тийиштүү адистер топ-топко бөлүнүп, ишкердик субъектилерди кыдырышты. Калаа башчысынын катышуусундагы рейд темир-бетон заводунан башталды. Курулуш материалдары чыккан заводдо учурда 50 адам эмгектенет. Азырынча алар толук ишке чыга элек. Андагы кызматкерлер бет кап, кол капчан иштеп жатат. Ал эми унаа тетиктер саткан дүкөндөрдө, айрым салондордо сактоого милдеттүү болгон санитардык нормалар эске алынбаганы такталды.

«Биз сиздердин, элдин коопсуздугу үчүн айтып жатабыз. Бийлик сиздердин иштөөгө шарт жаратып жаткан соң сиздерде да жоопкерчилик болушу керек. Өзүңөрдүн деле коопсуздугуңар үчүн жасалган кадам болуп жатат», — деди мэр.

Салон кызматкерлери белгиленген талаптарды аткара турганын билдиришти. Рейд алкагында иши жанданган мекемелерге милдеттер боюнча да маалымат берилди. Ишин жандандырганы менен такси кызматтарында, унаа тетиктерин саткан дүкөндөрдө санитардык талаптарды дээрлик эске албагандар болгондуктан 10дон ашык жай жабылды.

Жалал-Абад шаарында 83 мекеме иштеп баштаган. Алардын баары текшерүүгө алынды.

Эскерте кетсек, Ош шаарында да карантинден кийин этап менен ишке кирген ишканалар санитардык гигиеналык талаптарды аткарбаганы үчүн 80ден ашыгы кайра жабылды. Ал эми Бишкек шаарына качан кезек жетет белгисиз?


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button