Коом

Дүйнөдө коронавирустан 55 журналист каза болду. Россияда 500 журналист үй карантининде

Дүйнөдө иш учурунда коронавирус илдетине чалдыгып, көз жумган журналисттердин саны айтылды. 23 мамлекеттен коронавирус жуктурган 55 журналист каза болгон.  Алардын үчөө Россиянын ММК булактарынын кабарчылары. Бул тууралуу Россия Федерациясынын журналисттер союзунун төрагасы Владимир Соловьев айтканын Интерфакс жазып чыкты.

Ал эми Россияда 100 журналист коронавирус жуктуруп алган, алардын 45и ар кайсы федералдык ММК кызматкерлери болгон. Ал эми 60 журналист аймактык ММК өкүлдөрү.

Соловьевдун айтымында бул вирус көпчүлүгүндө эч кандай белгилери жок өтүп жатат.

Ал эми учурда Россияда 500дөн ашуун журналист үй карантининде жатышат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button