Каза болгон бейтап коронавирусту ооруканадан жуктурган
Бүгүн каза болгон аял коронавирусту ооруканада жатканда жуктуруп алган. Бул тууралуу 6-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бейтап апрель айында Жайыл районунда ооруканага дарыланууга жаткан жана ошол жерден коронавирус жуккан адам менен байланышта болгон. Ошондон кийин эски оорулары козголуп, абалы жакшырбай койгон:
«Боордун циррозу, эки тараптуу пневмония, олиоргандык жетишсиздик синдрому жана мээсинде шишик диагноздолгон. Дарылоо аракетине карабастан түндө каза болуп калды. Бул киши бир топ убакыттан бери дарыланып келген экен – февраль айында Улуттук фтизиатрия борборунда, апрелдин аягында Жайыл аймактык ооруканасында дарыланып жаткан учурда коронавирус жуктуруп алган бир адам менен контакт болгон экен. Жуктуруп алгандан кийин эски өнөкөт оорулары күчөп, Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканага которулгандан кийин деле абалы жакшырбай, кайра өөрчүп кеткен».
Abal.kg